• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өспүрүм коюп кеткен төрт жашар кыздын абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 12-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Төмөнкү Ала-Арчанын аймагында өспүрүм бала коюп кеткен төрт жашар кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында “Кабар” маалымат агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Учурда кыз реанимацияда жатат, абалы оор.

Эскерте кетсек, кечээ, 11-июнда Төмөнкү Ала-Арчанын аймагында 16 жаштагы өспүрүм катуу ылдамдыкта келатып, кичинекей кызды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Көп өтпөй укук коргоо органынын кызматкерлери аны кармашкан.

Маалым болгондой, өспүрүм апасынын «Ходна Фит», үлгүсүндөгү унаасын бир аз айдап турууга алып, кырсыка кабылган. Машинанын ичинде анын достору болгону кабарланган болчу.

Пикир

Оставить комментарий