• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Спутник Лайт» вакцинасы ушул жуманын аягына чейин колдонула баштайт - Ишенапысова

COVID - 19 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. 12-ноябрда Кыргызстанга COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы россиялык «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы келген.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиргендей, жеткирүү Россия өкмөтүнүн Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүдө гуманитардык жардам көрсөтүү чечимине ылайык акысыз жүргүзүлдү.

Республикалык иммунопрофилатика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова “Кабар” агенттигине билдиргендей, учурда аталган вакцина менен эмдөөнү баштоонун тартиби жана грфиги даярдалып жатат.

«Ушул жуманын аягына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары аны ала баштаса, калган аймактарга вакцинаны таратуу графиги түзүлөт», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий