• 88.68
  • 95
  • 0.95

Студенттер арасында мугалим кесибине суроо талап жогору – Статком

Коом 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Студенттер арасында мугалим кесибине суроо талап жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

2020-2021-окуу жылында орто кесиптик окуу жайларына тапшыргандардын арасында эң популярдуу билим берүү тармагы болду. Кийинки орундарга саламаттыкты сактоо, экономика жана менеджмент, техникалык адистиктер турат.

2016-2017-окуу жылына салыштырмалуу кабыл алынгандардын санынын эң көп өсүшү информатика жана компьютердик технологиялар (49% ) жана билим берүү (21%) адистиктеринде байкалган. Ал эми айыл чарба жана балык чарбасы 2 эсеге, экономика жана башкаруу дээрлик 17% кыскарган.

2020-2021-окуу жылынын башында республикада 57 жогорку кесиптик окуу жай (ЖКОЖ) иштеди, аларда 214 миңден ашык адам окуйт. Анда окугандардын жарымынан көбү (52 пайызы) кыздардын үлүшүнө туура келет.

Жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттеринин арасында абдан көп суроо талап болгон бул педагогикалык илимдер. Кабыл алынгандардын жалпы санынын 24%ы ушул кесипти тандаган. Гуманитардык жана социалдык адистигине 23%, медицинага 15%, экономика тармагына 12% жана техникалык адистигине 11% талап кылынат.

2016-2017-жылга салыштырмалуу педагогикалык илимдер адистигине (3,3 эсе), экономикалык (2,7 эсе), медициналык (2,6 эсе), ошондой эле гуманитардык жана социалдык адистиктерине (1,8 эсе) кабыл алынгандардын саны өскөн.

Пикир

Оставить комментарий