• 88.68
  • 95
  • 0.95

Судандын президенти бийликтен четтетилип, өкмөт отставкага кетти. Бийликти армия колго алды

Дүйнө 0

Бишкек. 11.04.19 /Кабар/. Судандын президенти Омар аль-Башир бийликтен четтетилди. Бийликти аскер кеңеши колго алынды.

Өлкөнүн коргоо министри Авад Мухаммед ибн Ауф өкмөт отставкага кетип, парламент таркатылганын кабарлады.

Reuters агенттиги маалыматы боюнча, президент азыр өзүнүн резиденциясында, ал күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынган.

Өлкөдө үч айга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. 2005-жылы кабыл алынган Конституция жокко чыгарылды.

Эки жылдык өткөөл мезгилде бийликти армия өз колуна ала турганы айтылды.

Ушу убакытта өлкөнү Аскердик кеңеш башкарып, андан соң президенттик шайлоо өтөт.

Эске салсак, Омар аль-Башир Суданды 1989-жылдан бери башкарып келген.

2018-жылдын декабрь айынан тартып Судандын шаарларында Омар аль-Баширге каршы демонстрациялар уланып жаткан.

Пикир

Оставить комментарий