• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Суюктук көп ичип, желдеткичтин астында турбаңыз". Аптаптуу ысыкта дарыгерлердин сунуштары

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 18-21-июль күндөрү өлкө аймагында ысык аба ырайы сакталып, абанын күндүзгү табы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин болушу күтүлөт.

Мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылуу сунушталат. Адистер сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болууга, жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырат.

Мындан сырткары, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Саламаттык сактоо министрлиги аномалдуу ысыкта ден соолукка кам көрүү боюнча бир катар сунуштарды берет.

Абанын температурасынын ашыкча жогорулашы адамдын организмине, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизет. Мындай аномалдуу ысык аба ырайында организмдин кургап калышынан жана ысык же күн өтүп кетишинен сактануу үчүн мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз.

Ысык же күн өтүп кетишинин белгилери:

  • Баш айлануу, баш оору, жүрөктүн тез кагышы, жүрөк айлануу, муздак тер, бет терисинин кызарышы, алы кетүү;
  • Оор учурларда катуу ысыктын же күндүн таасири астында адам эсин жоготуп, дене табы 41°Сге чейин көтөрүлүшү мүмкүн;

Ысык өтүп кетишинин алдын алуу:

  • Баш кийимсиз күн астында көпкө туруу сунушталбайт;
  • Чаңкооңузду салкын, бирок өтө муздак эмес суусундуктар менен кандыруу зарыл: суу, көк чай, шире, бирок эч качан спирт, кофе же сыра болбойт. Алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу керек. Ысык аба ырайында режимди сактоо өтө маанилүү болуп саналат - суюктук, жок эле дегенде, 1,5 - 2,5 литр, ашыкча тоюп жеген болбойт;
  • Бөлмөнүн температурасын көзөмөлдөө жана түздөн-түз желдеткичтин же кондиционердин астында турбаш керек;
  • Бөлмөнүн ашыкча ысып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жалюзи колдонуу, терезелердин ички жагына чагылдыруучу фольганы же тешикчелери бар кадимки ак кагазды жабыштыруу сунушталат;
  • Табигый кездемелерден (кебез, зыгыр буласынан, жибектен) тигилген жеңил, ачык түстөгү кийимдерди кийүү керек;
  • Курчап турган чөйрөнүн температурасы 25 градустан жогору болсо, оор физикалык жумуш, терапиялык массаж, жылуулук физиотерапиясы, ден соолукту чындоочу көнүгүүлөрдү жасоого тыюу салынат, анткени булар жүрөк-кан тамыр системасына кошумча күч келтирет.
  • Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен жабыркагандар дарыгердин сунуштарын так аткарып, белгиленген дары-дармектерди өз убагында кабыл алышы керек. Артериалдык гипертониядан жапа чеккен адамдар кан басымын дайыма көзөмөлдөп турушу керек. Кант диабети менен ооруган бейтаптар кандагы канттын көлөмүн кылдаттык менен көзөмөлдөөсү керек. Бул жөнөкөй алдын алуу чараларын колдонуу менен, аномалдуу ысык аба ырайына оңой туруштук бере аласыз жана ден соолугуңуздун начарлашынан сактана аласыз.

Пикир

Оставить комментарий