• 88.68
  • 95
  • 0.95

Иманалиев: Кытай элчилиги 10 бала бакчаны ачууга жардам берет

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Кытай элчилиги 10 бала бакчаны ачууга жардамдашат, ал эми 15 бала бакча жергиликтүү бизнес коомчулугунун жардамы менен ачылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликтин коллегиялык жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, "Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 1000ден ашуун арыз келип түшүп, 728 адам окутуудан өттү. Андан 553 адам сертификат алып, 240 адам жеке ишкер катары каттоодон өттү. Үй тибиндеги 33 бала бакча ачылып, 900 бала мектепке чейинки билим берүү камтылды.

"Алдыдагы бир айда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында дагы 25 үй тибиндеги бала бакча ачылат. Анын ичинен 10 бала бакчаны ачууга Кытай элчилиги жардамдашса, 15 бала бакча жергиликтүү бизнес коомчулугунун жардамы менен ачылмакчы”, – деди министр.

Каныбек Иманалиев буга чейин билим берүүгө мындай колдоо болбогондугун айтып, Билим берүү жана илим министрлиги пезиденттин тапшырмаларын - 95,6%, министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмаларын - 86,4% аткаргандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий