• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 43 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 43 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 19, Чүй облусунда 7, Ош шаарында 7, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 712 учур катталды, алардын ичинен 414 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 27-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 4513 учур катталды. Алардын ичинен 712си медицина кызматкерлери. Илдеттен 2212 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 46 адам (+ 3 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий