• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 44 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 44 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 23, Чүй облусунда 14, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 783 учур катталды, алардын ичинен 431 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 5017 учур катталды. Алардын ичинен 783ү медицина кызматкери. Илдеттен 2294 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 50 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий