• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Суусамырда 14 жашар кыз Көкөмерен суусуна агып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. Суусамырда 14 жашар кызды Көкөмерен суусу агызып кеткенин ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Жайыл районундагы Кызыл-Ой айылында болгон.

Өспүрүм курактагы эки кыз сууга түшүүнү көздөшкөн. Жыйынтыгында алардын бирөөсүн суу агызып кеткен.

Куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар учурда кыздын денесин издөө иштерин жүргүзүп жатышат, анткен менен азырынча жыйынтык боло элек.

Пикир

Оставить комментарий