• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формалары тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формалары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата-энесинен ажыраган 200 балага жаңы окуу жылына карата мектеп формаларын тапшырды.

“Мындан иш облус башчысы тарабынан демилгеленип, демөөрчүлөр тарабынан каржыланган. Алдыда облус аймагындагы башка район-шаарларда да калктын саны эске алынган шартта жалпы 800 балага формалар жеткирилет. Мектеп кийимдери башталгыч класстардын окуучуларына, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалы эске алынган шартта бөлүштүрүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Өкүл калктын муктаж катмарына көмөк көрсөтүү аракеттери мындан ары да улантыларын айтты.

Пикир

Оставить комментарий