• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузактын Таш-Булак айылында 75 орундуу жаңы бала бакча курулду

Аймак 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Сузак районунун Таш-Булак айылында 75 орундуу жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, курулушка жалпы 24 млн сом акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен жана облустун өнүктүрүү фондунан каржыланган.

Курулуш иштери дээрлик аяктап калган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин абалы менен КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев таанышып чыкты.

Облус башчысы бала бакчаны ишке берүүдөгү бир катар көйгөйлөрдү угуп, чечүү багытындагы сунуштарды белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий