• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сырттан келгендер үчүн чек арадан өтүүнүн жаңы алгоритми иштелип чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясын жугузууга жана жайылтууга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында жана убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди жүзөгө ашыруу үчүн кайсы өлкөнүн жараны экенине карабастан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн (анын ичинде туризм максатында) адамдар үчүн жаңы алгоритмдер бекитилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алгоритмдер адамдардын төмөнкү категориялары үчүн иштелип чыккан:

Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү

- Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана учак конгонго чейин беткап тагынуу жана аралыкты сактоо керек;
- Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерүү;
- Жүргүнчү коронавирус инфекциясын жуктурган деген шектенүү болгон учурда ал жана анын жанында жайгашкан 6-8 орундардагы жүргүнчүлөр обсервацияга
/изоляцияга алынып, медиктердин байкоосунда болот.(Байланышта болгон адамдарды аныктоо зарыл болгон учурда "Манас" ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет);
- Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат.

Чет элдик жарандар/жарандыгы жок адамдар – чет элдик адистер, КР аймагына эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында келишкендер

- Тиешелүү мамлекеттик органдар КР Мамлекеттик чек арасына кызматына кабарлоосу үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигине уруксат берүүчү документтерди берет (КР өкмөтүнүн буйругу: 84-б 17.03.2020, 9.06.2020–жылы редакцияланган);
- Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда дене табын текшерүү;
- Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда ПЦР анализ жүргүзүү, ооруканага жаткыруу;
- Клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерде болуулары керек;
- ПЦР анализдери терс чыккан учурда аларга жумуштарына чыгууга уруксат берилет.
- КР өкмөтүнүн 09.06.2020-жылдагы № 210-б буйругуна ылайык, чет өлкөлүк жарандардын/жарандыгы жок адамдардын (адистердин) обсервациядан өтүүлөрүн
уюштуруу шарттары, ПЦР-анализден өтүүлөрү жана транспорт каражаттары чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.

КР аймагына автоунаа менен келгендер үчүн

- Беткап режимин сактоо;
- Автоунаанын жүргүнчүлөрүнүн дене табын текшерүү;
- Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЦР-анализ тапшыруу, андан ары ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт. Байланышта болгон адамдарга "Stop COVID-19 KG" мобилдик тиркемеси орнотулат жана андан ары маршрут боюнча жиберилет.

Пикир

Оставить комментарий