• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төө-Ашууда тоннелдин ичинде жолтандабас өрттөнүп, каттам убактылуу жабылды

Кырсык 0


Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-июлда саат 15:50 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун К.Көлбаев атындагы туннелинен өтүп баракан "Лексус-470" унаасы өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен тоннелдин ичинде электр жарыгы өчүп, учурда тоннель аркылуу өтүү убактылуу токтотулган.

"Аавтоунаада эки адам болгон, алар жабыркаган жок. "Кыргызавтожол” МИнын туннелдеги кызматкерлери башка куткаруучулар менен бирдикте автоунаадагы жүргүнчүлөрдү коопсуз жерге аман-эсен алып чыгарып кеткен. Автоунааны өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес, кырсыктын кесепетинен тоннелдин ичинде электр жарыгы өчүп калган. Күйүп кеткен унааны сыртка чыгарып, электр жарыгы жандандырылгандан кийин каттам ачылат", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, унаа жаңы орнотулган газ жабдуудан улам өрттөнгөн. Толук маалымат кошумча берилет.

Пикир

Оставить комментарий