• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Уктоо абалы жуптардын мамилесин чагылдырат

Дүр дүйнө 0

Түнкүсүн бир калыпта эле уктай бербестен, ары-бери оодарылып жатабыз. Себеби, биринде адамга ыңгайсыз болсо, биринде ысып кетет. Бирок психологдор биздин уктап жаткандагы абалыбыз ыңгайсыздыктарга карабастан, мүнөзүбүздү чагылдырып, ойлорубузду жана үй-бүлөдөгү мамилелерибизди билдире алат дешет.

Бул макалада үй-бүлөлүк жуптун уйкудагы абалы аркылуу алардын мамилеси тууралуу айтып беребиз.

1. Менин аймагым

Адистердин айтымында, керебетти ээлеп жаткан адамдар маселелерди өздөрү чечип көнүп калышкан. Ал эми түпкүчтөй ийилип жаткандар сөзгө келип, жол бошотуп беришет. Бул мамилелердеги оройлук тууралуу белги берет. Мындай байланыш жетиштүү деңгээлде бекем эмес. Эртедир-кечтир көйгөй жаралуусу мүмкүн.

2. Мейкиндик үчүн күрөш

Эксперттер мындай позада жуптардын бири жакын болууга умтулат дешет. Ошол эле учурда экинчиси ага тийишкенди жактырбай, оолактай берет. Бул жуптарда ыйкы-тыйкылык бар жана аны четтетүү үчүн тезирээк бир аракеттерге баруулары керек.

3. Күзгүдөй өзүңө үңүлөм

Мындай абалда уктаган жуптар чыныгы гармонияда жашашат. Алар өнөктөштөр гана эмес, жакшы достор дагы. Бири-бирин түшүнүп, сыйлап жана баалап турушат. Мамилелеринин бүтүндүгүнө эч кандай терс окуялар таасир бере албайт.

4. Жеңил жанышуу

Психологдо айткандай, уйку маалында кол же буттун жеңил тийип туруусу түгөйлөрдүн мамилесиндеги гармония жана ишеним тууралуу айтып турат. Бул учурда эмоциялык байланыш түзүлүп, жакындык тынчтануу жана ыңгайлуулук алып келет. Бул абал үй-бүлөдө эркиндик жана шериктештик бар экенин билдирет.

5. Жылдыздарга карап

Мындай абалды көптөгөн жуптар никенин башында жакшы көрүшөт. Бул абал алардын бири-бирине байланып калганын билдирет. Жуптардын бири “королдун” абалында жатканы, анын кожоюн экенин көрсөтөт. Экинчиси өзүн ишенимдүү жана жакшы коргоодо сезет. Бул мамилелердеги тынчтык жана шайкештик.

6. Таянар тоо

Уйкудагы мындай абал тыгыз мамиле, сүйүү, назиктик жана бири-бирине карата жакшы көрүүчүлүк тууралуу айтат. Бул абалда уктаган жуптар бактылуу жана алардын союзу бекем.

7. Жуп кашык

Үй-бүлөлүк жашоонун адгачкы жылдарында жуптар көбүнчо ушул абалда укташат экен. Эгерде түгөйү артынан кучактап жатса, ал чыныгы камкорлукту көрсөтүп, көңүл буруп турат. Бул жуптардын жашоосу ыңгайлуу жана бирге коопсуз болуп саналат. Алар мамилелерин узак убакытта түзүшкөн жана аны баалай билишет.

8. Кетпечи

Бул жогорку абал сыяктуу эле, бирок бири-биринен алыстап кетишкендей. Мындай абал эки нерсе жөнүндө айтып турат:

  1. Балким, мамилелердин ысыгы сууп, өнөктөштөрдүн бири эркиндикти издесе, экинчиси жакындыкты сезүүгө умтулат. Ийиндеги колу бул тууралуу айтып турат.
  2. Экинчи учурда терс караган адамдын сезимдеринин өчкөнү, экинчиси аларды кайтарып, көңүл буруусун каалайт.

9. Керебет королу

“Король” абалын өзүнө ишенген, өзүн көрсөтүүнү каалаган адамдар тандайт. Ошол эле учурда экинчисинин абалы тартынчаактык жана кысылуу тууралуу кабар берет. Мындай мамилелер дээрлик туруксуз жана эгоисттик мүнөздө. Уйку абалындагы сыяктуу эле, жашоодо дагы экинчи жуп биринчисине ыңгайлашып, жол берүүсүнө туура келет.

10. Эркин абал

Мындай абал бир нече нерсе тууралуу айтат:

  1. Мамилелер анча жакшы эмес. Денелердин байланышынын жоктугу демек, жуптар эркиндикке умтулушат. Аларда келишпестиктер, түшүнбөстүктөр жана чыңалуу болушу ыктымал.
  2. Эгерде жуптун колу-буту эркин абалда болсо, демек, алар болгону бири-биринин мейкиндигин сыйлашат. Алар көнүп калышкан жана бири-биринин адаттарын кабыл алышат.

11. Тийишүү түйүнү

Дене бөлүктөрүнүн тийишүүсү - бул жакындыкка болгон ачык муктаждык. Мындай абалда чыныгы сүйүшкөн, бири-бирин сыйлаган адамдар укташат. Ошондой эле, бул абал алардын биргелешкен жашоосунун жаңы баскычы башталганын билдирет. Алардын ашыктыктарына өз ара түшүнүшүү, назиктик жана ыраазычылык кошулат.

12. Диалог

Мындай абалда уктаган жуптарды жан дүйнө жакындыгы бириктирет. Бирок алар көп убакытты бирге өткөрүшөт. Балким, ишке байланыштуу алар кечкисин гана жолугушат. Анткен менен алар бири-бирин сыйлап, түшүнүп жана баалашат.

13. Сүйүү түйүнү

Адистер мындай абалды ашыктыкка жана назиктикке жык толгон жаңы никеге мүнөздүү дешет. Мында түгөйлөрдүн ортосунда жалындуу сезимдер бар. Бул абал ыңгайсыз болушу мүмкүн, бирок сүйүшкөндөр үчүн бул маанилүү эмес. Эң башкысы – бири-бирине жакын болсо болду.

14. Дзен абалы

Бул чогуу узак жолду басып өткөн адамдардын абалы. Эгерде жуп ушул абалда уктаса, демек, ар бири өз мейкиндигин түгөйү менен байланышын үзбөй сактоого дилгирленет. Бул күчтүү, бекем жана туруктуу мамилелердин белгиси.

Булагы: AdMe.ru

Пикир

Оставить комментарий