• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казы-карта, чучукту жегенди эле эмес, кантип жасалаарын да билип алган оң

Дүр дүйнө 0

Жылкынын эти илгертеден бери көчмөн элдердин арасында колдонулуп, тамак-ашка кеңири пайдаланып келет. Айрыкча той-аштарда жылкы союлуп, чучук жасалып, сыйлуу конокторго тартылат.

Чучук

Жылкынын кабыргасынан эти менен тилинген казысына татымга жараша туз, кара мурч, майдаланган сарымсак сээп, жылкынын таза жуулуп, оодарылган ичегисине салып, учтарын жип менен байлап же ичке шиш менен бекитип, үстүнө муздак суу куюп, 2,5-3 саат (2-3 жолу оодарып) жай кайнатып бышырабыз.

Тактоо:

  1. Сорпосу кайнай баштаганда, чучукту ар кайсы жеринен ийне менен тешип коюу керек.
  2. Бышырып жатканда чучук жарылып кетпеш үчүн эт менен казы ичегиге бошураак салынышы керек.

Карта

Жылкынын жоон ичегисин (жарасы жок) жууп, оодарып, үстүнө муздак суу куюп, туз кошуп, жай кайнатып, 3-4 жолу оодарып, 2-3 саат бышырабыз.

Казы-карта, чучук муздатылган жеңил чүйгүн тамак катары дасторконго тартылат.

Куйрук-боор

Койдун жаңы бышырылган майлуу куймулчагын жана боорун тилимдерге кесип, үстүнө жука тууралган пияз жана мурч кошулган туздуу сорпо куюп коебуз.

Куймулчактын майынын бир жука тилиминин үстүнө бирден боордун тилимин коюп, кошумча кесек тууралган бадыраң, помидор жана ашкөк менен кооздоп, дасторконго коебуз.

Тактоо:

Татымга жараша туз кошуп, боорду 15-20 мүнөт жай кайнатып бышырса болот.

Пикир

Оставить комментарий