• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түп районунда 50 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.22./Кабар/. Түп районунун Талды-Суу айылында 50 орундуу бала бакча ачылып, ага мамлекеттик жана коомдук ишмер Батыш Салиеванын аты берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылышы Батыш Салиеванын 100 жылдык мааракесин майрамдоонун алкагында өттү.

Батыш Салиева Талды-Суудан чыккан көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, 25 жыл Калкты социалдык жактан камсыздоо министри, 7 жыл республиканын профсоюздар Советинин төрайымы болуп үзүрлүү иштеген. 2 жолу СССР Жогорку Советине, 25 жыл катары менен Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болгон.

Белгиленгендей, бала бакча АРИСтин жардамы менен Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында курулду.

Пикир

Оставить комментарий