• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ош Каракол шаары менен кызматташтыкты өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 04.07.22./Кабар/. Ош Каракол шаары менен кызматташтыкты өнүктүрөт, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, “Каракол – 2022-жылы КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын алкагында Ош шаарынан атайын делегация келген. Делегациянын курамында Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаардык кеңешинин депутаттары Кушбак Шайиев жана Эмилбек Раимовдор бар.

Иш-чаранын алкагында Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө вице-мэр В. Рыскулова эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн, туризмди өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын, эки шаардын жаштарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Э. Жумаев эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү боюнча сунуштарды колдоду. Андан соң Каракол шаарынын тарыхый кооз жерлерине экскурсия менен маданий программа уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий