• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин инвестициялык потенциалын жогорулатууга багытталган кеңеш ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга облус башчысы Абдикарим Алимбаев, экономика жана соода министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, облустун прокурору Таалайбек Касымбеков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн форматта кеңештин мүчөлөрүнө кайрылуу жасады. "Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программа кабыл алынган, аны өздөштүрүүгө бардык ишкерлерди чакырам. Бүгүнкү иш чаранын максаты да ушул”, - деп белгиледи.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси менен жаңыдан түзүлүп, ишин баштап жаткан кеңештин максаты – аймакта бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттерин укуктук коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, бизнес-коомчулук менен туруктуу диалогун жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн түзүү.

Бизнести өнүктүрүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды мамлекеттик органдарга жеткирүү, укуктук чечимдерди биргелешип ишке ашыруу.

Кеңешменин жүрүшүндө Баткен облусунун ишкердик чөйрөсү тарабынан төмөнкү маселелер каралды. Алар,

  • Кеңешти түзүүнүн зарылчылыгы жана өбөлгөлөрү, анын Баткен облусун өнүктүрүүдөгу ролу,
  • Инвестицияларды региондорго тартуу жана регионалдык өнүгүүдөгү инвестициянын ролу,
  • Региондорду өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жеке өнөктөштүктү пайдалануу.

Пикир

Оставить комментарий