• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түптө 120 орундуу бала бакча иштей баштады — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Тал айылында 120 орундуу бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиршти.

Эски имаратты капиталдык оңдоп-түзөөгө Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 2 млн 900 сом, Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миң сом бөлүнгөн.

Бала бакчанын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, Жаныбек Кыдыкбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, район жетекчилиги жана айыл тургундары катышышты.

Пикир

Оставить комментарий