• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын Горький көчөсүнө тротуар курулду

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Максим Горький көчөсүнө кеңдиги эки метр, узундугу бир чакырымды түзгөн тротуар курулду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, буга чейин аталган көчөдөгү тротуардын аймагына чыгып кеткен бир катар курулуштар буздурулган.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуар куруу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий