• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Кызыл-Кыяда “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун жашыруун ячейкасынын 4 жетекчиси кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кармалгандар конспирациялык негизде экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында диний сабактарды өткөрүп, ДЭУнун мүчөлөрүнүн "чогулуштарын" ай сайын уюштуруп келишкен.

Кармалган жарандардын жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлүп, көп сандагы экстремисттик адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталышы мүмкүн болгон электрондук приборлор табылып алынган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий