• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түптө 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган адам сабалып өлтүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районунда 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылышкан. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-октябрда Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөттөгү бөлүмүнө айылдардын биринде эркек киши карыган аялды зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу жетип барган.

Күбөлөр суракка алынып, ошол эле күнү саат 19:00дөр чамасында 30 жаштагы мас эркек киши тааныштарынын үйүнө кирип, 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылгандыгы аныкталган.

“Корккон аял кыйкырып жардам сурай баштаган. Апасынын үнүн уккан анын 30 жаштагы уулу зордуктаган адамды күч менен короого алып чыгып, аны сабаган. Ал жерге кошуналары чакырган милициянын инспектору келип, райондук милицияга жана ооруканага чалышкан”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Денесиндеги оор жаракаттардан улам зордуктаган адам ооруканага жеткирилип, ал жерде өзүнө келбей каза болгон. Аны сабаганга шектүү адам дагы ооруканага жеткирилип, көрсөтмө берген.

Зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу факт Түп ИИБинде катталып, сабоо факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий