• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага ЕККУнун Башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Дастанбек Жумабеков алгач бул сапар кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, Гремингерди ЕККУ миссиясынын өлкөбүздө иш алып барып жатканынын 20 жылдыгы менен куттуктады. Ошондой эле, жаңы Башкы катчынын сапары Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы түрткү берет деген ишеничте экенин айткан Төрага, аталган уюм өлкөдөгү демократиялык реформаларды колдоого алып келгенин баса белгиледи.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков өлкө жетекчилиги тарабынан демократиялык түзүлүштү бекемдөө, парламентаризм институтун өнүктүрүү жана мамлекеттик деңгээлдеги реформаларды ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары, Дастанбек Жумабеков эл аралык байкоочулар миссиясынын катарында ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча Бюросунун 2017-жылдын октябрь айында өткөн президенттик шайлоого байкоо салгандыгы үчүн Томас Гремингерге ыраазычылык билдирди.

“Өткөн жылдын октябрь айында биздин өлкөдө президенттик шайлоо болду. Шайлоо жараяндарынын жыйынтыгында тыкыр изилдениши керек болгон эскертүүлөр жана сунуштар айтылды. Парламенттик башкаруу формасын тандан алган өлкөбүздө бардык жараяндар ачык-айкын өтөт”, – деп кошумчалады Төрага.

Өз кезегинде Томас Гремингер да уюштурулган шайлоолордун ачык-айкын болгондугун белгилеп, Кыргызстан адам укугун, сөз эркиндигин жогорку деңгээлде сактоодо жана коомдогу парламенттин ролунун маанилүүлүгү боюнча өзгөчөлөнүп турарын билдирди.

Ал эми Дастанбек Жумабеков быйыл күздө Бишкекте “Борбор Азия жана ага чектеш өлкөлөрдүн коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун жакшыртуу” темасындагы ири конференцияны камтыган ЕККУ ПАнын жыйыны өтөрүн эске салып, аталган маанилүү эл аралык иш-чарага даярдык толук кандуу жүрүп жатканын маалымдады.

Андан тышкары, Төрага Кыргызстанда өткөрүлө турган бул ири масштабтагы жыйын парламентаризмди бекемдөөгө шарт түзүп, ЕККУнун ишмердүүлүгү тууралуу коомчулуктун кеңири маалымат алуусуна өбөлгө болорун кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда ЕККУнун Башкы катчысы Томас Гремингер парламентаризм институттарын өнүктүрүү жана демократияны бекемдөө жаатындагы тыгыз кызматташтык мындан ары да улантыларына ишеним артарын айтып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий