• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төрага Нурланбек Шакиев жарнамалар чет тилдерде жазылганын сынга алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеште жарнама ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам долбоору депутаттардын сын-пикирлери менен комитетке кайтарылды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын жүрүшүндө төрага Нурланбек Шакиев маселенин олуттуулугун эске салды.

“Сунушталган мыйзам жөнөкөй көрүнгөнү менен абдан маанилүү. Андыктан буга жеңил-желпи кароого болбойт. Айрыкча, бүгүн отурумга чакырылгандардын жооптору такыр канаттандырбайт. Эгер тийиштүү жетекчилер натыйжалуу иштегенде борбор калаабыз азыркыдай абалга келмек эмес. Шаарыбызды аралап көрсөк, борбордук көчөлөрдөн баштап, кичи көчөлөргө чейинки илинген жарнамалар дээрлик башка тилде жазылган. Бишкек башка өлкөнүн борборундай көрүнөт”, - деди ал.

Муну менен катар тармакты көзөмөлдөгөн жетекчилердин ишмердүүлүгүн сынга алып, калаа башчыларын жарнама ишин көзөмөлдөөгө чакырды.

Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов жарнама жаатында мыйзам бузуу аныкталганда кандай чара колдонуларына кызыкты.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин өкүлү жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сомго чейин айып пулдар каралганын кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору комитетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий