• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Шакиев Венгрияга расмий иш сапары менен барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга (Мажарстан) расмий иш сапары менен барды, деп билдирет ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу алакаларды арттырууга байланышкан маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Жусупбек Коргонбай уулу, Гүлшаркан Култаева, Максатбек Сарбагышев жана Азамат Исираилов коштоп барды.

Пикир

Оставить комментарий