• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлери онлайн форматта жыйын өткөрүштү

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (Түрк кеңеши) мүчө жана байкоочу болгон мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлери видеоконференция аркылуу онлайн жыйыны өттү. Бул тууралуу Түрк кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Онлайн жыйын кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын 2020-жылдын 10-апрелинде кабыл алган чечимдерин аткаруу максаты көздөп, үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде болуп өттү.

Түрк кеңешине төрагалык кылган Азербайжан Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Октай Ширалиевдин демилгеси менен болуп өткөн жыйынга Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев, Казакстан Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов, Түркия Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Өзбекстан Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алишер Шадманов, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев, Венгрия Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Золтан Лоринжи жана Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) Европа региону боюнча директору Ханс Хенри Клюге катышты.

Аталган жыйында кеңешке мүчө мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлери жана байкоочу Венгриянын саламаттыкты сактоо министри Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин президенттеринин өткөнкү кезексиз жыйынында кабыл алынган чечим жана талаптарды аткаруунун жолдорун талкуулашып, COVID-19 илдетине каршы күрөштө кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосундагы конкреттүү долбоорлор менен терең кызматташтыкты күчөтүү маанилүү экенин баса белгилешкен.

Саламаттыкты сактоо министрлери Түрк кеңешинин алкагында кызматташуунун маанисин да баса белгилешип, коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу, дарылоо, анализдөө, эпидемиялык жактан илимий изилдөө сыяктуу багыттарда өз ара тажрыйба бөлүшүү үчүн кеңешке мүчө жана байкоочу болгон мамлекеттердин ортосунда көп кырдуу кызматташуунун механизмдерин иштеп чыгуу боюнча бир бүтүмгө келишти. Ушундан улам министрлер, саламаттыкты сактоо адистеринин ортосунда өз ара кызматташуу жана окуу программаларын баштоо боюнча чечим кабыл алышты.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция тартуунун, дартты аныктоочу экспресс-тест сыяктуу негизги каражаттарды, лабораториялык жабдууларды, беткаптарды, дары-дармектерди өндүрүүнүн жана коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгуунун мааниси баса белгиленди. Аты аталган тармактарда өз ара кызматташуу багытында “Бирдиктүү камсыздоо тизмегин” түзүп, бул багыттагы мамлекетттик жана жеке органдардын өз ара кызматташуусу үчүн атайын бир бизнес форум өткөрүү керектигин белгилешти.

Башкы катчы Багдад Амреев жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө 2020-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезексиз жыйынында кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы жана апрель айынын соңунда видеоконференция аркылуу боло турган Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин транспорт, экономика, соода, маалымат жана миграция боюнча тийиштүү мамлекеттик ведомстволордун жыйналыштары жөнүндө маалымат берди.

Башкы катчы Түрк еңешине мүчө мамлекеттердин мекемелеринин ортосундагы өз ара кызматташуунун механизмдерин өнүктүрүү, координациялоо боюнча ой-пикир жана идеяларын ортого салды.

Ошондой эле Башкы катчы Багдад Амреев саламаттыкты сактоо багытындагы орток инвестиция каржыларын түзүүнүн, медициналык жана лабораториялык жабдууларды өндүрүүнүн, эмдөөчү каражаттарды жана вакциналарды иштеп чыгуунун маанисине токтолду.

Башкы катчы Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезексиз жыйынында кабыл алынган талаптарды аткаруу үчүн бул багыттагы бардык орток иш-аракеттерди координациялоо жана министрликтер тарабынан кабыл алынган долбоорлорду коронавируска каршы күрөштө жана мындан кийинки мезгилде да аткаруу боюнча Түрк кеңешинин башкы катчылыгы болгон күч-аракетин жумшайт деп баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий