• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кеминде 500 миң үй курулушу керек

Дүйнө 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Түркиянын түштүгүндөгү жер титирөөдөн болжол менен 1,5 млн адам үйсүз калды. Алар үчүн кеминде 500 миң жаңы үй курулушу керек. Бул тууралуу БУУнун эксперттери маалымдады.

Түркиянын ӨКМинин маалыматына ылайык, жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 42 миң 310 адамды түзүп, 448 миң 18 адам эвакуацияланды. Акыркы күндөрү болгон жер титирөөдө алты адам көз жумуп, 562 киши жабыркады.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Пикир

Оставить комментарий