• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркиядан Кыргызстанга ири инвестицияларды тартуу маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар союзунун (TOВВ) президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түркиядан Кыргызстанга ири инвестицияларды тартуу жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты. Ушуну менен бирге, Кыргызстандагы түрк компаниялары туш болгон көйгөйлүү маселелер боюнча дагы пикир алмашуу болду.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү максатында КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин TOВВнын президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушуусун Түркияга жакынкы арада боло турган иш сапарынын алкагында уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий