• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстан Азия-2017 оюндарынын алдында чет өлкөлүктөрдү көзөмөлдөөнү күчөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Түркмөнстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында Азия-2017 оюндарын утурлай коопсуздук маселелери талкууланды. Анын жүрүшүндө чет өлкөлүк конокторду каттоого алууну күчөтүү талабы айтылды.

17-27-сентябрь аралыгында Ашхабадда өтө турган Азия оюндарынын алдында Түркмөнстан виза алууну каалаган чет өлкөлүк туристтерге карата бир нече кошумча талап киргизген. Маселен, алар жеке гид жалдоого милдеттүү. Ошол эле маалда чыгымдарды коноктор өзүлөрү көтөрөт.

Түркмөнстандагы туристтик агенттиктердин кызматкерлеринин айтымында, акыркы учурларда коопсуздук кызматтары туристтер тууралуу маалыматтарды чогултуп берүү талаптарын күчөтүштү.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий