• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда кезектеги жолу камактагыларга ырайым берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Түркмөнстанда Нейтралитет күнүнө карата камактагы 796 жаранга ырайым берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Мамлекеттик ТДХ агенттигинин билдиришинче, Бердымухамедов 10-декабрдагы видеоселектордук жыйын маалында ИИМ башчысына ырайым берилген жарандардын эркиндикке чыгышы үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

«Ырайым берүү менен кылган ишине өкүнгөндөрдүн күнөөсүн ак ниет эмгеги менен жууп, кутулуусуна шарттарды түзүп жатабыз», — деп билдирди өлкө башчы.

Былтыр түркмөн президенти түрдүү майрамдарга карата жалпысынан үч миңден ашык камактагы адамга ырайым берген. Укук коргоочулар белгилешкендей, бирок бир топ жылдардан бери мунапыс менен эркиндикке чыккандардын арасында саясий негизде камалгандар менен абийир туткундары жок.

Пикир

Оставить комментарий