• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда тааныла турган чет өлкөлүк дипломдордун тизмеси жарыяланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Түркмөнстандын Билим берүү министрлиги өлкөдө тааныла турган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын дипломдорунун тизмесин жарыялады.

Анда окуу жайлардын аталышы, жайгашкан өлкөсү көрсөтүлбөстөн, мындан ары Түркмөнстанда таанылбай турган 146 адистик боюнча дипломдор жазылган.

Алардын арасында журналистика, спорттук журналистика, эл аралык журналистика, банк иши, каржы, дүйнөлүк экономика, эл аралык мамилелер, дипломатия, укук, менеджмент, айыл-чарба экономикасы, салыктар, өнөр-жай инженериясы, социология, саясат таануу, телеберүү, антропология, англис, араб, индия, испан, кытай, корей, немис, перс, орус, түрк, француз, жапон тилдери жана теология өңдүү адистиктер бар.

Ошол эле маалда Түркмөнстанда дүйнөнүн алдыңкы 1000 окуу жайынын катарына кирген авторитеттүү университеттердин бардык адистиктер боюнча берилген дипломдору тааныла тургандыгы белгиленген.

Азырынча Билим берүү министрлиги алдыңкы 1000 окуу жайды кайсыл эл аралык агенттиктин же басылманын рейтинги боюнча аныктай тургандыгы белгисиз. Учурда Түркмөнстандын өзүнүн бир дагы университети авторитеттүү окуу жайлардын бир дагы тизмесине кирбейт.

22-апрелде Беларустун Билим берүү министрлигинин расмий өкүлү Людмила Высокая өлкөнүн билим берүү мекемелери түркмөн тараптан тиешелүү мазмундагы расмий кат алышканын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий