• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрт кыргызстандык Iron Man мелдешине катышты

Спорт 0

Бишкек, 02.10.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Төрт кыргызстандык узун аралыктагы Ironman (темир адам) мелдешине катышты.

КРдин триатлон федерациясынан кабарлашкандай, 30-сентябрда Барселон (Испания) шаарында спорттук мелдеш өтүп, ага КРден 4 спортчу катышкан. Алар 3,8 чакырым сүзүп өтүшүп, 180 чакырым велосипед менен өтүшүп, андан соң чуркашкан.

Баязид Азизбеков аралыкта Кыргызстандан үчүн рекорддук убакытта – 10 саат 33 мүнөт 49 секундда өткөн.

Данияр Оморов 7 мүнөткө кеч келген – 10 саат 40 мүнөт 35 секунд. Ал бул аралыкты эки жолу жеңип өткөн биринчи кыргызстандык.

Байкал Малдыбаев – 12 саат 28 мүнөт 47 секунда, ал эми Бакай Жунушов – 12 саат 40 мүнөт 16 секунд убакытта келишкен.

Пикир

Оставить комментарий