• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таиландда миллионер айым киши колдуу болуп, денеси муздаткычка жашырылган

Дүйнө 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Таиланддын Чиангмай шаарында Вонни Джирахароенинг аттуу миллионер айым киши колдуу болуп, сөөгү өзүнүн муздаткычында бетондолгон. Бул тууралуу Bangkok Post басылмасы жазып чыкты.

Аталган басылманын жазганы боюнча, курулуш тармагында жана кайрымдуулук иши менен алектенген аял 18-октябрдан тарта туугандары менен байланышка чыккан эмес.

58 жаштагы Джирахароенингдин үйүнөн жагымсыз жыт чыккандыктан анын кошуналары полиция чакырып, окуя жерине келген полиция ал аялдын жансыз денесин табышкан.

Кийинчерээк миллионер айымдын эсебинен ири өлчөмдө акча каражаты чыгарылып кеткени, ошондой эле, анын унаасы жана банктык картасы жоголгону белгилүү болгон.

58 жаштагы Вонни Джирахароенинг өлүмүнө, окуя болгондон кийин жок болуп кеткен, анын 39 жаштагы Витун Ситабут аттуу досу шектелүүдө. Bangkok Post басылмасы жазгандай, учурда ал кармалган.

Пикир

Оставить комментарий