• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тайланддын чемпионаты: Кыргызстандык волейболчу ойногон "Эйр Форс" командасы атаандашын жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Волейбол боюнча эркектер арасындагы Тайланддын чемпионатында кыргызстандык Темир Муса уулу ойногон "Эйр Форс" командасы атаандашын жеңип алды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Кезектеги оюн 29-январда өттү.

"Эйр Форс" командасы "RMUTL Phitsanulok" клубун 3:2 эсебинде утуп, 2 упай топтой алды.

Темир Муса уулу ойногон "Эйр Форс" командасынын кийинки оюну 2-февралда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий