• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Тайманбастык менен билимдин туу чокусун багындыргыла". Билим берүү министринин куттуктоосу

Билим 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады.

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу мугалимдер, окутуучулар жана менин жаш досторум!

Сиздерди бүгүнкү Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм! 1-сентябрь - бул ар бирибиздин жашообуздагы өзгөчө күн. Айрыкча биринчи жолу мектеп босогосун аттап жаткан бөбөктөргө бүгүндөн баштап билимдин сырдуу дүйнөсү ачылат.

Сиздерге ар бир күнүңүздөр кубаныч жана жаратмандык менен коштолушун каалайм!

Урматтуу окуучулар, силерди кең келечек күтүүдө. Билим алуудагы ар бир күн текке кетпеши керек. Тайманбастык менен билимдин туу чокусун багындыргыла, кыйынчылыктардын алдында тайсалдабагыла, бул татаал жолдо силерге ар дайым мугалимдер шам-чырак болуп берет.

Урматтуу кесиптештер, биздин жашообуздагы жетишкендиктердин бардыгы – мугалимдин эмгегинин үзүрү.
Ошондуктан окуу жылыңыздар ийгиликтүү болуп, ар бир сабагыңыздар билим дүйнөсүн тааныткан кызыктуу саякат болсун.

Сиздер – мугалимдер бүл дүйнөгө ынтымактын жана адамгерчиликтин үрөөнүн сепкен мөмөлүү дараксыздар!

Урматтуу ата-энелер! Балдарыңыздардын билим уясындагы кыялдары орундалсын!

Акыркы учурда мугалимдер үчүн президент, өкмөт, парламент тарабынан не деген колдоолор болуп жатат. Биз ошого татыктуу эмгегибиз менен жооп беришибиз керек.

Жаңы окуу жылыңыздар менен!
Ийгилик каалайм!".

Пикир

Оставить комментарий