• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас шаарында Акмулла олимпиадасынын экинчи этабы өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Күн мурун, 13-ноябрда Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде кыргыз жарандары үчүн орус тили боюнча Акмулла олимпиадасынын экинчи этабы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган олимпиаданын жеңүүчүлөрү 2024-жылдын август айындагы жайкы мектепке окууга тандалып алынат. Жеңүүчүлөр үчүн бардык шарттар каралып, жол кире учак билети, жатакана жана башка шарттар бекер уюштурулат.

Ошондой эле олимпиада жеңүүчүлөрү Уфа шаарындагы М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетинде бюджеттик негизде окуй алат. Ошону менен катар аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Россиянын каржылоосу менен 2027-жылы Талас шаарында ачыла турган орто билим берүү мекемесине иштөө укугуна ээ болушат.

Эске сала кетсек, аталган олимпиаданын биринчи этабы 2023-жылдын апрель айынын аягында өткөрүлгөн. Анда Кыргызстандагы мыкты делген 50 окуучу тандалып жеңүүчү аталган. Алардын ичинен эки окуучу Талас шаарынын окуучулары.

Пикир

Оставить комментарий