• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМдин Талас облустук башкармалыгына куткаруу шаймандары тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 16.07.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министригинин Талас облустук башкармалыгына куткаруу шаймандары тапшырылды. Бул туурауу ведомствонун басма сөз кызаты билдирет.

Маалыматка ылайык, презинденттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колдоосу жана Талас облусунун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ӨКМдин облустук башкармалагына күжүрмөн даярдыкты жогорулатуу жана куткаруучулардын жашоо шартын жакшыртуу максатында 5 млн сом акча каражаты каралган.

Алынган куткаруу шаймандары, курулуш материалдары:

- 5 кир суу соруучу мотопомпа;

- Бакай-Ата жана Кара-буура райондук ӨКБнүн жеңил оңдоп-түзөө өткөрүү үчүн курулуш материалдары алынып берилип, бүгүнкү күндө өздүк курамдын күчү менен оңдоо иштери жасалууда;

- жүргүнчүлөрдү ташуучу 1 "Мерседец Бенц-Спринтер" автоунаасы;

- 2 комплект толук жабдылган кургак түрдөгү сууга түшүүчү суучулдардын костюму;

- 1 жогорку басымдуу компрессор;

- 1 дана үйлөтүүчү кайык мотору менен;

- Талас шаардык ӨКБнүн окуу классын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн курулуш материалдары жакын арада жабдылат.

Ошондой эле жакында дагы бир кир суу соруучу мотопомпа келүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий