• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта ККМ аппараттарын колдонуунун артыкчылыктары талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Таласта контролдук кассалык машиналарды колдонуунун артыкчылыктарын ишкерлерге жана калкка түшүндүрүү боюнча жыйын ѳткѳрүлдү.

Президенттин Талас облусундагы өкулчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов, облустагы күч түзүмдѳрүнүн жетекчилери, район, шаар башчылары, Салык кызматынын Талас шаардык жана райондук бөүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйында ККМ аппараттарын колдонууну ишке киргизүү аркылуу ишкерлердин мыйзам чегинде иштѳѳсүнѳ жана мамлекеттин ѳнүгүшүнѳ шарт түзүлѳрү айтылды.

Нурлан Дарданов ѳлкѳ ѳнүгүүгѳ ѳр алган учурда мамлекеттик саясатты ишке ашырууну колдоо керектигин билдирип, кѳмүскѳ экономиканы ачыктоо аркылуу канчалаган мектеп, бала бакча, оорукана жана башка социалдык объектилер салынып, Кыргызстан боюнча кѳптѳгѳн чакырым жолдор салынып, таза суу системасы тартылып жатканын билдирди.

Ошондой эле ал, Кыргызстан куралдуу күчтѳрүнүн жаңы техникалар менен камсыз болуп жатканын, пенсия, жѳлѳкпулдар, мугалимдердин жана башка мамлекеттик мекеме-уюмдарда эмгектенген кызматкерлердин айлык маяналары кѳтѳрүлгѳнүнүн айтып, мамлекетте алдыга жылуу болуп жатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий