• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда Чернобыль апаатынын 35 жылдыгы эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатынын 35 жылдыгы эскерилди. Ага мэр Эрнисбек Ормоков, апааттын кесепетин жоюуга катышкандар, каза болгондордун жакындары жана мекеме-ишканалардын жамааттары катышты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарада эстеликке гүлчамбар коюлуп, көзү өткөн катышуучуларга атап куран окулду. Мындан сырткары, сахналаштырылган көрүнүш менен коштолду.

Мэр ден соолугуна залакасын тийгизген оор учурду баштан өткөргөн ардаргерлердин эмгеги эч качан унутулбай турганын айтып, мындай апаат кайталанбасын деген тилегин билдирди.

Белгилей кетсек, 1986-жылы Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад шаарынан 120 адам жөнөп кеткен. Алардын баары мекенине кайтып келип, кийинчерээк көпчүлүгү башка аймактарга көчүп кетишкен. Учурда калаада 19 катышуучу жашайт. Аларга ай сайын жергиликтүү бюджеттен 1000 сомдон берилип, республикалык деңгээлде да колдоолор көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий