• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талкуулабай, аткаруу керек — Акылбек Жапаров санариптештирүүнү киргизүү боюнча

Өкмөт 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлердин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлары үчүн "Санариптик трансформация доорундагы мамлекеттик башкаруу" тренингинин алкагында өлкөдөгү санариптик трансформациянын бардык катышуучулары жетекчилик тарабынан кабыл алынган чечимдерди талкуулабай аткарышы керектигин белгиледи.

"Учурда өлкө жетекчилиги санариптик мүмкүнчүлүктөрдү киргизүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатат. Ушуга байланыштуу мен баарын талкуулап, айыптабай, көрсөтмөлөрдү аткарууга чакырам. Болбосо жумушуңузду таштап, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигиңизди койсоңуз болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий