• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тармактык комитетте АРИСтин долбоорлору жана каржылоо маселелери талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Кечээ, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып, тиешелүү мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Тагыраагы, Финансы министри Адылбек Касымалиев белгилегендей, жаңы мыйзам долбоорунун алкагында кабыл алынган Бюджеттик кодекстин ченемдерине ылайык, атайын каражаттар түшүнүгү жоюлуп, бюджеттик мекемелер тарабынан алынган демөөрчүлүк, кайрымдуулук, гранттык жардамдардан, ыктыярдуу салымдардан жана камкоорчулук төгүмдөрдөн түшүүчү каражаттар топтоло турган атайын казыналык эсеп жөнүндө ченем киргизилүүдө.

Талкуу учурунда эл өкүлдөрү түрткү берүүчү гранттарды алууда кыйынчылыктар жаралып жатканына токтолушуп, бул жааттагы каржылоонун тартибине көңүл буруп, тыкыр изилдөө зарылчылыгын кошумчалашты.

Андан тышкары, комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттигинин (АРИС) долбоорлору жана каржылоо маселелери да каралып, депутат Эльвира Сурабалдиева жер-жерлерде максатталган иштер толук аткарылбай жатканын мисал кылды. “44 долбоордун ичинен 24 долбоор тандалып алынган экен. Алардын ичинде Чүй облусу да бар. Бирок Мен Чүй облусунун үч районун кыдырып жүрүп, аталган долбоорлор тууралуу эч кабар укпадым. Андыктан, кайсы аймактарда АРИСтин долбоорлору ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу так маалыматты алуубуз кажет. Анткени, кагазда башка, иш жүзүндө башка учурлар арбын болууда”, – деди Эльвира Сурабалдиева.

Талкуу соңунда бир айдан кийин толук маалымат берүү тапшырмасы тиешелүү мекемелерге тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий