• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таш-Көмүрдөгү "Шахтёр" стадионун реконструкциялоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 30.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы борбордук "Шахтёр" стадионун реконструкциядан өткөрүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун ага карата стадионго кошумча орундарды түзүү үчүн курулушка капсула салынды.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.

Облус башчысы Таш-Көмүр шаарындагы стадионду реконструкциядан өткөрүү менен аймактагы спорт тармагын өнүктүрүү, тургундардын жана жаштардын ден соолугун чыңдоого чоң шарт түзүлөөрүн айтты. Аны менен бирге акыркы жылдары шаардын социалдык-экономикалык, инфраструктуралык абалын жакшыртуу боюнча алгылыктуу аракеттер бар экенин кошумчалады.

Таш-Көмүр шаарындагы борбордук "Шахтер" стадиону 1963-жылы курулган. Реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин анда 1600 орун түзүлөт. Ага жалпы 68 млн 309 миң сом акча каражаты жумшалып, анын 50 млн сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Калган сумма жергиликтүү бюджеттен жумшалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий