• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте кыргыз жазуучуларынын аңгемелер жыйнагы жарык көрдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 21.09.23. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Кыргыз жазуучуларынын аңгемелер жыйнагы Ташкент шаарындагы “O,zbekiston” басмасынан “Ай тутулган түн " (Oy tutilgan tun) аталыш менен жарык көрдү. Бул тууралуу “Кабар" агенттигине “Ѳзбекстан-Кыргызстан” достук коомунун тѳрагасы, белгилүү ѳзбек манас изилдѳѳчүсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент Зухриддин Исамутдинов билдирди.

Анын айтымында, учурда Ѳзбекстандын Борбор Азия аймагындагы жакын коңшулары менен, айрыкча Кыргызстан менен ѳз ара мамилелери жанданып, коомдук турмуштун бардык багытында ѳнүгүүдѳ.

“Ѳзбекстандагы эң абройлуу басма үйүнѳн бул жыйнактын “Кыргыз аңгемелери” сериясында басылып чыгышы да мунун далили болуп саналат. Бул китеп ѳзбек окурмандарынын руханий-адептик, эстетикалык көрөңгөсүн байытууга, кылымдар бою уланып келе жаткан кыргыз-ѳзбек достугун мындан ары да чыңдоого чоң салым кошот деп ойлойбуз”, - деди Исамутдинов.

Жыйнакка Ж. Мавляновдун “Нан”, Ш. Бейшеналиевдин “Мүйүздүү козу”, А. Саспаевдин “Ширеңке”, “Татым туз”, Т. Мияшовдун “Биринчи махаббат”, А. Жапаркуловдун “Ай тутулган түн”, М. Каримовдун “Мажүрүм тал”, Б. Усубалиевдин “Миң”, С. Рысбаевдин “Кечир, Актөш”, А. Муратовдун “Жайчылар”, “Күн эжей”, А. Матисаковдун “Тоолук кыз”, “Тандыр”, А. Пазыловдун “Түштүктөн кат”, С. Раевдин “Топурак”, Р.Исмаилованын “Ок арык” деген аңгемелери кирген.

Чыгармаларды өзбек тилине белгилүү адабиятчылар А. Эшон, Р. Карим, М. Абдумажитов, З. Исамиддинов которгон.

Пикир

Оставить комментарий