• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажик тарап Исфара-Худжанд жолундагы оңдоп-түзөө иштерин токтотту

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Тажиктер тарабынан Исфара-Худжанд жолунун оңдоп-түзөө иштери токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын жол оңдоочулары Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек району менен Тажикстандын Согди облусунун чек арасындагы Исфара-Худжанд жолунда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн.

Бул окуя боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Баткен облусунун башчысы аталган жол кыргыз-тажик чек арасында жайгашкандыгын, жолдун так ортосунан мамлекеттик чек ара сызыгы өткөндүгүн, жолдун сол тарабы Кыргызстанга, оң тарабы Тажикстанга таандык экенин, ошондой эле Кыргызстан жолдун сол тарабынын оңдоп-түзөө жумуштарын өзү жасай турганын жана оңдоо иштерин токтотууну билдирди. Учурда жолдун оңдоп-түзөө иштери токтоду.

Белгилей кетсек буга чейин аталган жолдун эки тарабын эки мамлекеттин чек арачылары жөө кайтарып келишкен. 1-майдагы Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчыларынын эки тараптуу жолугушуусундагы макулдашууларга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара кызматтары бул аймактан чек арачыларын алып кетишкен.

Учурда бул аймакта ички иштер кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап турат.

Исфара-Худжанд жолунун боюнда Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка 1, Арка 2 айылдары жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий