• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстанда кармалган кыргызстандыктар мекенине кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Тажикстанда кармалып турган жалпы 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эскерте кетсек, Тажикстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүүгө айыпталып, Тажикстандын мамлекеттик органдары тарабынан кыргызстандыктар кармалган.

"Кармалган Баткен облусунун беш тургуну жана Ош облусунун эки тургуну 13-14-мартта Кыргызстанга кайтарылды. Ошондой эле 26-февралда Бишкек шаарынын эки тургуну бошотулган. Жарандардын мал мүлкү, унаалары толугу менен кайтарылып берилди.

Алар Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан коё берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-февраль күнү Тажикстандын аймагынан кармалган Лейлек районунун жергиликтүү үч тургуну Баткендеги өкүлчүлүк Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Кыргызстанга кайтарылган. Анткени алар Тажикстандын аймагынан эмес, мамлекеттик чек ара сызыгынан кармалганы үчүн эскертүү гана берилген.

Учурда чек арадан өтүү эрежелери боюнча теле-радио, гезит, социалдык тармактар аркылуу маалыматтар берилип, облустун чек аралаш аймактарында акимдер, айыл аймак башчылары эл менен жолугушуп, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган.

Баткен жана Согди облустарынын чектеш аймактарында орун алган бул маселелерди чечүү боюнча, эртең 16-мартта өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушат. Анда эки облустун чек аралаш аймакта жашаган элинин суранычы боюнча, Лейлек районундагы "Кулунду" жана "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү жайын ачуу маселеси каралат.

Ал эми Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүүгө айыпталган Тажикстандын 15 жараны эки айга камакка алынган. Алар да Кыргызстандын мыйзамы ылайык жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий