• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Ат-Башыда шейит кеткен аскер жерге берилди

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан шейит кеткен дагы бир аскер кызматкери, улук лейтенант Апсамат Жекшенбеков жерге берилди. Бул тууралуу "Кабарга" анын жакындары билдиришти.

"Апсамат Жекшенбеков 16-сентябрда Маргун айылындагы жаңжалда ок тийип каза болгон. Ал 1998-жылдын 2-майында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. 2020-жылы Аскердик институтун бүтүргөн. Ушул жылдын октябрь айында өргүүгө чыгып, Баткенден келмек. Эки ай мурда эле улук лейтенант наамын алган болчу. Баткенди көзүмдүн карегиндей сактайм дечү", - деди Жекшенбековдун тууганы.

"Кабар" маалымат агенттиги шейит кеткен Апсамат Жекшенбековдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 36га жетти, дагы 129 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий