• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашхабадда ТИМ башчылары деңгээлинде “Борбордук Азия – Корея” форуму өттү

Саясат 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Күн мурун Ашхабадда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форуму өттү. Кыргыз тараптан делегацияны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектеди, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Форумдун жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрү менен Корея Республикасынын ортосундагы транспорт жана логистика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, санариптештирүү, экология жана туризм тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргызстан форумдун бардык катышуучулары менен жогоруда аталган секторлордо конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Кыргызстандын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору Форумдун гибриддик форматтагы панелдик сессияларына катышып, анда Борбордук Азия жана Корея кесиптештери менен көп тараптуу кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө форум түзүлгөндөн бери бул платформа Борбордук Азия мамлекеттери жана Корея Республикасы ортосундагы байланыштарды мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн эффективдүү көп тараптуу консультациялык механизм экендигин далилдегендигин белгиледи.

16-форумдун жыйынтыгы боюнча делегация башчылары Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты, ошондой эле Борбордук Азия-Корея Республикасы кызматташтык форумунун катчылыгынын 2024-жылга иш планын бекитишти.

Пикир

Оставить комментарий