• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Чет өлкөлөрдө парламенттик шайлоого карата 10 жаңы тилке ачылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чет өлкөлөрдө парламенттик шайлоого карата 10 жаңы шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата 29 өлкөдө 59 шайлоо участкасы түзүлгөн.

“Биринчи жолу 10 тилке ачылды. Ал Россиянын Хабаровск, Краснодар, Казань, Самара жана Томск шаарларында, Түркиянын Анталия калаасында, АКШнын Нью-Йорк, Чикагодо, Италиянын Кальярисинде жана Венгрияда түзүлдү. Өткөн шайлоодо чет жактарда 32 миңден ашык шайлоочу болсо, азыр 84 миңден ашык жаран тизмеге кирди. Мурун 45 тилке болсо, азыр алардын саны 59га жетти”, - дейт ал.

Мадмаров биринчилерден болуп Түштүк Сахалинде шайлоо участкасы ачылганын айтты.

“Саат 8:30га карата 16 өлкөдө добуш берүү жүрүүдө. Саат 09:00дө Тюмень, Екатеринбург, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстанда участкалар ачылат деп күтүүдөбүз. Эң акыркы болуп Чикаго шаарында Бишкек убактысы боюнча 29-ноябрда саат 20:00дө ачылат”, - деп айтат министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий