• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМдин кызматкери вакцина алгандан кийин көз жумду деген маалымат жалган

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Бахтияр Шакиров SinoPfarm вакцинасын алгандан кийин каза болгондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, Шакиров тууралуу маалымат эмдөөдөн өткөн жарандар катталган электрондук базада жок.

“Туугандарынын айтымында, ал жумушчу сапарга барардын алдында вакцина аларын айткан имиш. Бизде эмдөөнүн биринчи этабында медкызматкерлер вакцина алууда. Бирок Шакиров вакцина алган эмес”, - дейт ал.

Ишенапысова Бахтияр Шакиров Жалдагы ооруканада “Цефтриаксон” антибиотиктин дозасын алгандыктан анафилактикалык шокко кабылып, каза болгонун айтат.

“Аталган учур боюнча комиссия түзүлдү”, - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Facebook соцтармагынын колдонуучусу Елена Баялинова 2-апрелде эртең менен Шакировдун жакындары ага телефон чалып, бир күн мурун COVID-19га каршы SinoPfarm вакцинасын биринчилерден болуп алгандыгын жазган.

Пикир

Оставить комментарий