• 88.68
  • 95
  • 0.95

Далыга сайган. Нарында мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган киши адам өлүмүнө шектелип кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Нарында мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган киши адам өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-мартында Нарын шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө кечки саат 21:40тар чамасында билдирүү келип түшкөн. Анда Нарын шаарындагы Көлбай дүкөнүнүн жанынан адамга бычак сайылгандыгы жөнүндө маалымдалган. Аталган билдирүү Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Алдын ала такталган маалыматка ылайык, Нарын шаарынын 1991-жылы туулган Р.Д. жана 1973-жылы туулган И.К. аттуу тургундары спирт ичимдигин ичип отурган кезде 1987-жылы туулган М.А. аттуу жаран келип, ортодо пикир келишпестиктен улам Р.Д. аттуу адамды учтуу темир менен сол жак далысына сайып жиберген.

Шектүү Нарын шаарынын тургуну экендиги, убактылуу жумушсуз жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталган.

"Р.Д. жыгылып калган учурда М.А. качып кеткен, ал эми жанындагы бөтөлкөлөшү тез жардам кызматына чалган. Жабыркаган адам Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы аныкталган. Бирок ал алган жараатынан улам эсине келбестен каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелген М.А. кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шектүү убактылуу кармоо жайына кармалды.

Бул факты боюнча Нарын ШИИБү тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши ачылган, бүгүнкү күндө тергөө амалдарды жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий